6-багыт: «Студент-наставник»

«Тең-теңине» (Peer-to-Peer) көмөк көрсөтүү

Жогорку курстун тажрыйбалуу студенттери 1-курстун студенттерине окууга көнүүгө, сабактарга, стипендияга жана университеттик мүмкүнчүлүктөргө жол көрсөтөт.

Айпери Нурлан кызы

Маалыматтык технологиялар факультети

4-курстун отличниги, өткөн жылы Германияда алмашуу программасынан окуп келгем. 1-курстагы бардык кыйынчылыктарды өз башымдан өткөргөм, жол көрсөтүүгө даярмын!

Тилдер: Кыргызча,Русский,English

Эркин Садыков

Экономика жана Башкаруу факультети

Университеттин дебат клубунун президенти. Окуу менен коомдук иштерди кантип чогуу алып кетүү боюнча тажрыйбам менен бөлүшөм.

Тилдер: Кыргызча,Русский

Камилла Исакова

Гуманитардык факультет

Илимий макалаларды кантип туура жазуу керек, китепкана булактарын кантип издөө керек жана сессиядагы паниканы кантип басуу керектигин үйрөтөм.

Тилдер: Кыргызча,Русский,Deutsch

Азамат Бектуров

Инженерия жана Робототехника

Инженердик лабораториялардын активдүү мүчөсү. Татаал формулаларды жөнөкөй тил менен түшүндүрүп, лабораториялык отчетторду коргоого көмөктөшөм.

Тилдер: Кыргызча,Русский